КЕМЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕМЕ – 1) сууда, суу астында сүзө ала турган ж-а жүк, жүргүнчү ташууга, түрдүү жумуштарды (атайын тех., ил., балык уулоо, о. эле аскер иштерин) аткарууга арналган транспорт. 16–17- к-да түз парустуу ж-а үч же төрт мачталуу кайыктарды «К.» деп аташкан. Алгачкы суу транспорту катары болжол м-н 60 миң жыл мурда байыркы австралиялыктар каноэ ж-а плот деп аталган түрүн колдонушкан. 19-к-дын ортосуна чейин негизинен калактуу ж-а парустуу К-лер кеңири колдонулуп келген ж-а алар пароход м-н моторлуу (дизелдик) К-лерге алмаштырылган. Сүзүү мүнөзү б-ча өзү жүрүүчү (теплоход, па-


роход, электроход, атомоход) ж-а өзү жүрбөөчү (чиркелүүчү, парустуу, калактуу), сууга салыштырмалуу абалы б-ча суу үстүндөгү ж-а суу астындагы К., о. эле жарандык ж-а аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык К-лер транспорт, кесиптик, атайын кызмат аткаруучу, тех. максатка арналган ж-а спорттук (катер, яхта, байдарка ж. б.) болуп айырмаланат. Транспорт К-лери жүргүнчүлөрдү ж-а ар кандай жүктөрдү ташыйт. Кесипчилик К. балык ж-а кит уулоочу болуп бөлүнөт. Атайын кызмат аткаруучу К-лерге муз жаргыч, сүйрөгүч, куткаргыч, өрт өчүргүч, сүзүп жүрүүчү кран кирет. Тех. максаттагы К-лер суу жолун тереңдетүү, курулуш материалдарын (кум, шагыл) даярдоо жумуштарын аткарат. Эң чоң К-лер – танкерлер (уз. 350 мден ашуун, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 миң тдан оор, 1981); 2) чоң самолёт, дирижабль (аба К-лери), космоско учуучу түрдүү конструкциядагы аппарат (к. Космос кемеси).