КЕМБРИЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕ́МБРИЖ , К е й м б р и ж – АКШнын түн.- чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 101,3 миң (2008). Чоң Бостондун курамына кирет. АКШ-нын ири ил.-из. ж-а окуу борбору. К-да Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технол. ин-тутунун арх-ра комплек­си, Иск-во ж-а билим академиясы (1780), Лон­ги музыка мектеби (1915; консерватория), музей­лер бар. Машина куруу, резина, полигр. ө. ж. иш­каналары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб­квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппарат­тарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-ж. не-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

гизделген. Куперлердин жыгач үйү (1681–82), Христ чиркөөсү (1759–61), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.