КЕЛЬТТЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЛЬТТЕР , г а л л д а р – тили ж-а мад-ты
жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымында Альп тоолорунун түн. ж-а батыш тарабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түш. Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түн. Италия, Түн. ж-а Батыш Испания, Британ а-нын азыркы аймагы) жашаган. Римдиктер К-ди галлдар деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер Галлия деп аталып калган.
Б. з. ч. 6–5-к-да К-де уруулук түзүлүш ыдырап,
уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. К. гальштат мад-тын (б. з. ч. 900–400) ж-а латен мад-тын
(б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. К. кийин ибер, иллирия, фракия ж. б. уруулар м-н аралашкан. Б. з. ч. 2-к-да К. Түн. Италиядагы римдиктердин кысымынан улам Чехиянын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруулар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). К. бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, белловак сыяктуу уруулардан турган. К. дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишкен. К-ди римдиктер караткан соң (б. з. ч. 1-к-дын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция ж-а Бельгия элдеринин калыптанышында К-дин этнос элементтери маанилүү роль ойногон.