КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЛЬТ ТИЛДЕРИ – инди-европа семьясындагы тилдер. Ага галл, келтибер, ирланд, мэн, гаэл (шотланд), валлий (кимр), корн ж-а бретон тилдери кирет. Галл тилдери б. з. 5-к-на жакын, келтибер тили (Пиреней ж. а-нын батыш ж-а борб. бөлүгү) андан мурунураак жоюлган. Корн тилинде сүйлөгөндөр 18-к-дын аягына чейин жашаган. Мэн тилинде Мэн а-нда (Улуу Британия) жашаган бир аз гана адам сүйлөйт. К. т. континент (галл, кельтибер), бритт (валий, корн, бретон) ж-а гойдел (ирланд, гаэл, мэн) бутагы деп үч топко бөлүнөт. Бритт бутагындагы тилдердин бөлүнүшү 6–8-к-га, гойдел бутагы 12– 13-к-га таандык. Акценттик факторлордун таа-
сиринде азыркы К. т-де акыркы муундар жоюла баштаган. Ирланд тилинде аз болсо да жөндөмө сакталып калган.
Ад.: Королёв А. А. Введение в кельтскую филологию.
2-е изд. М., 2006.