КЕЛИШИМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕЛИШИМ – жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдет­терди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу ж-дө макул­дашуусу. К. оозеки, жазуу жүзүндө же нотариал­дык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. К-дин кээ бир түр­лөрү тиешелүү мамл. органдарда катталууга ти­йиш (мис., турак үйдү сатуу, сатып алуу К-и ж. б.). К. түзүү тараптардын өз ара мамилеле­ринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, о. эле анын катышуу­чуларынын укугуна кепилдик берет. К-дин шар­тын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зы­яндын ордун төлөөгө тийиш. К. тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. К-ди түзүү, аткаруу эрежеси мамле­кеттин жарандык кодексинде каралган. Зарыл­дыгына жараша пландуу же плансыз К., түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын ма­кулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мис., ташуу, карыз, сактоо) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) К. түзүлөт. Көпчүлүк К-ге акы төлөнөт, кээ бир К-дер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. К. шарттарын ат­карбагандык же толук аткарбагандык үчүн кү­нөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тар­тылып, мыйзамда же К-де көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат.