КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАЛЫГЫ – колониялык бийликтин О. Азияга көчүп келген орус дыйкандарына конуш бөлүштүрүү үчүн уюштурулган атайын органы. К. б-н түзүү м-н падышалык бийлик агр. кризис учурунда ички рынокту толтуруу м-н мамл. казынаны байытып, Россиянын борб. губернияларына батпай жаткан дыйкандардын талабын канааттандырууну көздөгөн. 1902-ж. январда түзүлгөн атайын комиссия реформа долбоорун иштеп чыгып, дыйкандардын жамааттан чыгуусун тездетүү үчүн жер берүү, аларды Россиянын чет жакаларына (Сибирь, О. Азия) көчүрүү ж. б. маселелерди караган. Алгач орус, немис, украин ж. б. келгиндерди (кыргыздар «переселин» деп аташкан) жайгаштырууну жерг. админ. бийлик ишке ашырган. Түркстан крайында, айрыкча Жети- Суу обл-нда келгиндердин улам көбөйүшүнө байланыштуу (19-к-дын аягында О. Азияга келген орус дыйкандарынын саны 100 миңге жеткен) «Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) ж-а Николай IIнин буйругуна (1905, март) ылайык Жети-Суу облусунда 1905-ж. 21-июлда К. б. түзүлүп, башчылыгына О. Шкапскийдин дайындалышы м-н 1905-жылдан О. Азияны колониялаштыруунун жаңы этабы башталган. 1907-ж. кабыл алынган «Кыргыздарды жерге жайгаштыруу» ж-а 1908-ж. «Жети-Сууну колониялаштыруунун тартиби жөнүндө» токтом чыккандан кийин көчмөн элдер жашаган
жерлер мамл. менчик деп жарыяланып, жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо шарты эске алынбай, келгиндерге берилген. 1907–15-ж. Пишпек
уездине 4113 (Пржевальскиге 2537, Ошко 971, Нарынга 357) үй-бүлө жайгаштырылган. Колониялаштыруу саясаты Кырг-ндын түндүгүндө
өтө ырайымсыздык м-н жүргөн. 1914-жылдын 1-январына карата Пишпек, Пржевальск ж-а Нарын уезддеринде 79 кыштак түптөлүп, анда 80 783 орус, украин, немистер жашаган. Жер айылдык жамаатка берилген, салык жер аянты ж-а мал саны эмес, жан башына карап төлөнгөн. Айласын тапкандар жер фондусунун көп бөлүгүн менчиктештирип алган. Жерге муктаж болгондордун көптүгүнөн падыша өкмөтү жерг. акимчиликтен «ашыкча» жер табууну талап кылган. 1909-ж. экономист-социалист П. П. Румянцев башында турган атайын статистикалык отряд түзүлүп, алардын милдети катталбай калган «ашыкча» жер аянтын табуу болгон. Көчмөн ж-а жарым көчмөн кыргыздар үчүн жер ээлөө ченеми иштелип чыгып, 1 291 305 теше «бош» жаткан жер (айдоо, чабынды, жайыт) келгиндер фондусуна сунушталган. Өкмөттүн көчүрүү (б. а. кыргыздардын жерин тартып алуу) саясаты турмушка ашырыла баштаган. Жер ченөө, бөлүү учурунда чыр-чатак күчөп, К. б-нын жерг. өкүлдөрүнө нааразылык арбыган. Чүй өрөөнүнөн Шабдан баатыр, Дүр Сооронбаев, М. Мураталин сыяктуу манаптар Түркстан генерал-губернаторунун жерг. тургундардын ар түтүнүнө 40 тешеден жер берилсин деген көрсөтмөсүнө карабай, К. б-нын чиновниктери ар кайсы аянттан 1,5–2 теше айдоо ж-а жараксыз жерден 7 тешеге жетпеген үлүш берип жатышканын айтып арызданышкан. 1905–12-ж. Пишпек уездиндеги кыргыздар 651 773 теше жеринен ажыраган. 1916-ж. Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орус, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%ин ээлеп калган. Кыргыздардын жерлеринин күч м-н келгиндерге берилиши 1916-ж-дагы көтөрүлүштүн (к. Үркүн) чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүш басылгандан кийин генерал-губернатор Куропаткин жетектеген өкмөттүк кеңештин чечими м-н кыргыздар Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал өрөөндөрүндөгү тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүлгөн. К. б. Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.
Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней
Азии. Т. 3. СПб. 1906; Сапелкин А. А. Аграрные отношения в Киргизии в начале ХХ века (1900–
1917 гг.). Ф., 1977; Джамгирчинов Б. Д. История Киргизской ССР. Ф., 1983; История Киргизской ССР. Т. 2. Ф., 1986; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Ахмеджанов Г. А. Российская империя в Центральной Азии (История и историография колониальной политики царизма в Туркестане). Таш., 1995; Румянцев П. П. Уезды Жетысу. А., 2000.
Э. Турганбаев.