КЕКЕК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕКЕК (Oxytropis) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Көп жылдык, сабагы анча өөрчүбөгөн, татаал жалбырактуу, түктүү чөп.
Гүлдөрү түркүн түстүү, нык же көпшөк, тоголок же сүйрү. Гүлүнүн кайыкчасы учтуу, чанагы сүйрү, тоголок, жаргактай же теридей, бир же эки, кээде жарым-жартылай уялуу. Кырг-нда К-тин 56 түрү бийик тоодо, аска зоо коңулдарында өсөт. Кээде башка өсүмдүктөр өсө албаган мөңгүгө жакын жерде К-тин айрым түрү кезигет, о. эле тоонун күнөс беттеринде, шагыл таш арасынан да учуратууга болот. Респ-када К-тин 34 эндемик түрү белгилүү.