КЕЗДЕМЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕЗДЕМЕ</b> – атайын токуу станогунда жиптер­ден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде | <b type='title'>КЕЗДЕМЕ</b> – атайын токуу станогунда жиптер­ден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде кездемеге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркактан жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. Кездеме эндей жана даана түрүн­дө (жоолук, дасторкон жана башкалар) иштеп чыгары­лат. Калыңдыгы 5 <i>мм</i>ге, эни (туурасы) 1,5 <i>м</i> ге жетет. | ||
[[File:КЕЗДЕМЕ8.png | thumb | none]] | [[File:КЕЗДЕМЕ8.png | thumb | none]] | ||
Кездеме була курамы, арналышы, ошондой эле, то­куп чыгаруу, көркөмдөө жана түр салуу ыкмала­рына карата класстарга бөлүнөт. Кездеме бардык тек­стиль булалары менен жиптерден токулат. Тек­стиль өнөр жай тармагына жаана көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек кездеме жана башкаала болуп айырмаланат. Кездеменин түрү бир тектүү, аралаш жана бир тектүү эмес даярдалат. Бир т е к т ү ү кездеме бир түрдүү буладан жасалган жиптен турат же 10% башка жип аралаш­тырылат, а р а л а ш кездеме түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип току­лат. Арналышына карата кездеме тиричилик жана техникалык болуп бөлүнөт. Болжол менен кездемелердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик кездемеси болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим жана башкалар), көркөмдүк (эмеректик, пар­далык жана башкалар) жана ным сиңиргич (сүлгү, салфет­ка жана башкалар) болуп айырмаланат. Кездеме токулуп чык­кандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат жана башка технологиялык процесстерден өткөрүлөт. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
10:59, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЗДЕМЕ – атайын токуу станогунда жиптерден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде кездемеге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркактан жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. Кездеме эндей жана даана түрүндө (жоолук, дасторкон жана башкалар) иштеп чыгарылат. Калыңдыгы 5 ммге, эни (туурасы) 1,5 м ге жетет.

Кездеме була курамы, арналышы, ошондой эле, токуп чыгаруу, көркөмдөө жана түр салуу ыкмаларына карата класстарга бөлүнөт. Кездеме бардык текстиль булалары менен жиптерден токулат. Текстиль өнөр жай тармагына жаана көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек кездеме жана башкаала болуп айырмаланат. Кездеменин түрү бир тектүү, аралаш жана бир тектүү эмес даярдалат. Бир т е к т ү ү кездеме бир түрдүү буладан жасалган жиптен турат же 10% башка жип аралаштырылат, а р а л а ш кездеме түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип токулат. Арналышына карата кездеме тиричилик жана техникалык болуп бөлүнөт. Болжол менен кездемелердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик кездемеси болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим жана башкалар), көркөмдүк (эмеректик, пардалык жана башкалар) жана ным сиңиргич (сүлгү, салфетка жана башкалар) болуп айырмаланат. Кездеме токулуп чыккандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат жана башка технологиялык процесстерден өткөрүлөт.