КЕЗДЕМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕЗДЕМЕ – атайын токуу станогунда жиптер­ден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде К-ге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркактан жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. К. эндей ж-а даана түрүн­дө (жоолук, дасторкон ж. б.) иштеп чыгары­лат. Калыңдыгы 5 ммге, эни (туурасы) 1,5 м ге

жетет. К. була курамы, арналышы, о. эле, то­куп чыгаруу, көркөмдөө ж-а түр салуу ыкмала­рына карата класстарга бөлүнөт. К. бардык тек­стиль булалары м-н жиптерден токулат. Тек­стиль ө. ж. тармагына ж-а көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек К. ж. б. болуп айырмаланат. К-нин түрү бир тектүү, аралаш ж-а бир тектүү эмес даярда-


лат. Бир т е к т ү ү К. бир түрдүү буладан жасалган жиптен же 10% башка жип аралаш­тырылат, а р а л а ш К. түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип току­лат. Арналышына карата кездеме тиричилик ж-а тех. болуп бөлүнөт. Болжол м-н К-лердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик К-си болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим ж. б.), көркөмдүк (эмеректик, пар­далык ж. б.) ж-а ным сиңиргич (сүлгү, салфет­ка ж. б.) болуп айырмаланат. К. токулуп чык­кандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат ж. б. технол. процесстерден өткөрүлөт.