«КЕДЕЙКАН»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
«КЕДЕЙКАН» – кыргыз эл дастаны. Анда социалдык мамилелер курч көрсөтүлүп, таптык жиктелүү ачык байкалат. Ушундан улам бул дастан феодалдык-патриархалдык мамилелер өкүм сүрүп турган мезгилде пайда болгон деп болжолдоого болот. Эки варианты бар. Биринчиси – Калык Акыевдин айтуусундагы Токто-
гулдун варианты, 1938-ж. жарык көргөн. Ал 1954-ж. Токтогул Сатылгановдун ыр жыйнагына басылган. Экинчиси – К. Мифтаков Алымкул Үсөнбаевден жазып алган вариант. «К.» дастанынын баш каармандары – Керээз (Кедейкан),
Гүлсаана кемпир ж-а Азимкан. Керээз жетим
өсүп, эр жеткенде кан болот. Ал жаштайынан эмгекчил, ар нерсеге жөндөмдүү болуп өсөт, акылмандыгы, айлакердиги м-н Азимканды жеңип, бийликке жетет. Такка отурган күндөн эле Кедейкан карапайым элдин акыл-насаатын, кеп-кеңешин угуп, адилет мамиле кылат. Гүлсаана – жетим-жесирге кайрымдуу, мээримдүү
ж-а меймандос каарман. Кедейканды да Гүлсаана багып тарбиялап өстүрөт. Элге үстөккө-босток салык салып, тегерегине эшен, кожо-молдолорду топтоп, элди алдап жүргөн Азимкан элдик көз караштан алганда зулумдугу үчүн жазаланат. «К.» – көркөмдүк жактан жетик ж-а идеясы терең, кыргыз элинин дүйнөгө көз карашын,
түшүнүгүн, ой-санаасын, тилегин чагылдырган тарбиялык мааниси зор чыгарма.