КВАРТЕТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАРТЕ́Т (лат. quartus – төртүнчү) – 1) төрт аткаруучудан (аспапчылардан же вокалисттерден) турган ансамбль. Аспаптык К. кылдуу, тартма, үйлөмө жыгач, үйлөмө жез аспаптардан турган бир беткей, о. эле аралаш болушу мүмкүн. Курамы эркектерден же аялдардан (сопрано, альт, тенор, бас) турган ж-а аралашма вокалдык К-тер да болот; 2) 4 аспап же 4 ырчы үчүн жазылган муз. чыгарма. Аспаптык К-те негизинен ансамблдик-камералык музыка басымдуу орун ээлейт. Алар көбүнчө соната түрмөгүндө жазылган чыгармалар. Айрым операларда, ораторияларда да К. кездешет.