КВАНТТЫК ХИМИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНТТЫК ХИ́МИЯ – хим. реакцияларда бирикмелердин түзүлүшүн, касиетин, алардын бири-бири м-н болгон аракетин ж-а айлануусун кванттык механиканын көз карашынын ж-а анын ыкмаларынын негизинде кароочу химиянын теор. бөлүгү. Ал хим. байланыштардын табияты, валенттүүлүк, молекулалардын электрондук түзүлүшү ж-дөгү окууну камтуу м-н, молекулалардын спектрскопиялык, электрдик, магниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн кванттык механиканын ыкмаларынын негизинде түшүндүрөт. Кванттык механикада атом-мол. системанын касиетин Шрёдингер теңдемеси, Паули принциби ж-а универсалдуу физ. туруктуулуктардын негизинде эсептөөгө болот. Бул теңдеме көп электрондуу системалар үчүн так чыкпайт. Мындай системалар үчүн жакындаштырылган ыкмалар – валенттик байланыш ж-а молекул. орбитал ыкмалары пайдаланылат. Объектинин татаалдыгына, изилдөөнүн максатына жараша эмпириялык эмес же андан да жөнөкөй жарым эмпириялык эсептөө ыкмалары колдонулат. Эмпириялык эмес ыкмалар аркылуу системадагы ядролордун ж-а электрондордун саны, о. эле ядролордун заряддары ж-а фундаменталдык турактуулардын маанилери берилет. Жарым эмпириялык ыкмаларда, кошумча түрүндө, эсептөөгө кирүүчү айрым чоңдуктардын маанилери тажрыйбадан алынат. Молекуланын электрондук түзүлүшүнүн анализи, хим. байланыштын ар кандай түрлөрүн, классикалык хим. түзүлүш теориясынын ж-а хим. кинетиканын көпчүлүк түшүнүктөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди. К. х-нын негизинде молекуланын электрондук спектрлеринин жутулушу ж-а люминесценциянын теориялары, фотоэлектрондук ж-а рентгенэлектрондук спектрлер теориялары иштелип чыккан. Молекулалардын электрдик ж-а магниттик касиеттеринин кванттык теориясы химияга изилдөөнүн физ. методдорун жайылтууга көмөк берди ж-а тажрыйбалык натыйжаларды талкуулоону бир кыйла жеңилдетти. К. х-нын ыкмалары мол. биологияда, биол. мембраналардын моделдерин эсептөөдө, булчуңдардын иштешин моделдөөдө ж. б. колдонулат.
Ад.: Степанов Н. Ф. Квантовая механика и квантовая химия. М., 2001; Майор И. Избранные главы квантовой химии. Доказательства теорем и вывод формул. М., 2006.