КВАНТТЫК САНДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВАНТТЫК САНДАР – айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а кванттык системалардын (атом ядросу, атом, молекула ж. б.) абалын мүнөздөөчү физ. чоңдуктардын мүмкүн болгон дискреттүү (үзгүлтүксүз) маанилерин аныктоочу бүтүн же бөлчөктүү сандар. К. с. физикага биринчи жолу атом спектрлерин изилдөөдө тажрыйбада алынган закон ченемин түшүндүрүүдө киргизилген. Бирок К. с-дын мааниси ж-а ага жараша микробөлүкчөлөрдү мүнөздөөчү бир катар физ. чоңдуктардын дискреттүү болушу кванттык механика тарабынан ачылган. Атом электрондорунун абалы анын төрт эркин даражасына туура келүүчү төрт К. с. аркылуу аныкталат. Суутектин ж-а суутек сымал атомдордун абалы n, l, mi, ms К. с. м-н мүнөздөлөт. Н е г и зг и (башкы) К. с. n=1, 2, 3, ... электрондун туруктуу абалындагы энергия деңгээлин аныктайт. А з и м у т т у к (же о р б и т а л ы к) К. с. l=0, 1, 2, ..., n–1 электрон орбитасындагы кыймыл сан моментинин квадратынын маани-
леринин спектрин берет: Мi2=h2l(l+1). М а гн и т т и к К. с. mi орбиталык моменттин Мi кандайдыр бир эркин тандалып алынган багытка (z огу деп кабыл алынуучу) түшүрүлгөн
проекциянын Мi
z
мүмкүн болгон маанилерин
мүнөздөйт: Мi =hmi. С п и н д и к К. с. ms электрондун спининин проекциясынын мүмкүн болгон маанилерин мүнөздөйт ж-а эки мааниге ээ ms=±1/2.