КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ – экинчи даражада­гы, б. а., ах2+bx+c=0 түрүндөгү бир белгисиздүү алг. теңдеме; мында a:;0, a, b, c – чыныгы сан­дар, б . а. ко эфф-и. D=b 2–4ac туюнтмасы ах2+bx+c квадраттык үч мүчөнүн дискрими­нанты деп аталат. К. т. эки тамырга ээ: x1,2= - b ± = b2 - 4ac 2a ж-а эгер D>0 болсо, анда тамыр­лары чыныгы ж-а түрдүү, качан D=0 болсо та­мырлары дал келишет, качан D<0 болгондо чы­ныгы тамырга ээ болбойт, теңдеменин тамыры комплекстүү сандар (түйүндөш комплекстүү) бо­лот. К. т-нин коэфф-тери ж-а тамырлары үчүн фр. математик Ф. Виеттин теоремасына ыла­йык x1 + x2 = - c , x1 · x2 = c / a катышы аткарылат.
Бул теорема өзгөчө келтирилген К. т. үчүн өтө ыңгайлуу: x +x =–p, x ·x =q. Б. з. ч. 20-к-дагы вавилондуктардын чопо такталардагы жазуула­рында К. т-нин түшүндүрмөсүз чыгарылышта­ры болгон ж-а чыгарылыштарды көптөгөн ма­тематиктер изилдеген.