КАН ПАЙДА БОЛУУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАН ПАЙДА БОЛУУ</b> , г е м о п о э з – жаны­барлар м-н адамдын кан клеткаларынын пай­да болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам м-н омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мисалы, адамдын эритроцити 120, лейко­цити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы м-н алмашып, канда алар­дын саны өмүр бою бир калыпта сакталып ту­рат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда ж-а кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр м-н адамда кан пайда кылуу­чу органдарда пайда болот: эритроциттер, лей­коциттер ж-а тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу ж-а кан клеткаларынын сан ж-а сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мисалы, В<sub>12</sub>, фоли кислотасы), ошондой эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып ту­рат. Сүт эмүүчү жаныбар м-н адамдын түйүлдү­гүндө кан пайда болуу мезенхима клеткаларынан баш­талат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) бай­калат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер ж-а лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жа­ралат. Түйүлдүк 4 айга караганда кан пайда болуу кемик м-н чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүн­дөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда бо­лот. Көк боордо кан пайда болуу бала төрөлгөндөн ки­йин башталат. Кан жоготууда, канда кычкыл­тек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуш­туу ооруларда организмде кан пайда болуу күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В<sub>12 </sub>витамини жетишпеген­де, көк боор ооруганда, айрым уу заттар м-н ууланганда кан пайда болуу начарлап, <i>аз кандуулукка</i> алып келет. | <b type='title'>КАН ПАЙДА БОЛУУ</b>, г е м о п о э з – жаны­барлар м-н адамдын кан клеткаларынын пай­да болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам м-н омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мисалы, адамдын эритроцити 120, лейко­цити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы м-н алмашып, канда алар­дын саны өмүр бою бир калыпта сакталып ту­рат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда ж-а кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр м-н адамда кан пайда кылуу­чу органдарда пайда болот: эритроциттер, лей­коциттер ж-а тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу ж-а кан клеткаларынын сан ж-а сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мисалы, В<sub>12</sub>, фоли кислотасы), ошондой эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып ту­рат. Сүт эмүүчү жаныбар м-н адамдын түйүлдү­гүндө кан пайда болуу мезенхима клеткаларынан баш­талат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) бай­калат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер ж-а лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жа­ралат. Түйүлдүк 4 айга караганда кан пайда болуу кемик м-н чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүн­дөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда бо­лот. Көк боордо кан пайда болуу бала төрөлгөндөн ки­йин башталат. Кан жоготууда, канда кычкыл­тек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуш­туу ооруларда организмде кан пайда болуу күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В<sub>12 </sub>витамини жетишпеген­де, көк боор ооруганда, айрым уу заттар м-н ууланганда кан пайда болуу начарлап, <i>аз кандуулукка</i> алып келет. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:26, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАН ПАЙДА БОЛУУ, г е м о п о э з – жаныбарлар м-н адамдын кан клеткаларынын пайда болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам м-н омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мисалы, адамдын эритроцити 120, лейкоцити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы м-н алмашып, канда алардын саны өмүр бою бир калыпта сакталып турат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда ж-а кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр м-н адамда кан пайда кылуучу органдарда пайда болот: эритроциттер, лейкоциттер ж-а тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу ж-а кан клеткаларынын сан ж-а сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мисалы, В12, фоли кислотасы), ошондой эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып турат. Сүт эмүүчү жаныбар м-н адамдын түйүлдүгүндө кан пайда болуу мезенхима клеткаларынан башталат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) байкалат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер ж-а лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жаралат. Түйүлдүк 4 айга караганда кан пайда болуу кемик м-н чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүндөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда болот. Көк боордо кан пайда болуу бала төрөлгөндөн кийин башталат. Кан жоготууда, канда кычкылтек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуштуу ооруларда организмде кан пайда болуу күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В12 витамини жетишпегенде, көк боор ооруганда, айрым уу заттар м-н ууланганда кан пайда болуу начарлап, аз кандуулукка алып келет.