КАМЕРУН (жанар тоо массиви): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАМЕРУН 1 to КАМЕРУН (жанар тоо массиви)) |
(Айырма жок)
| |
05:38, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЕРУ́Н (португалча Piodes cama- rones – «креветкалуу дарыя» деген мааниде) – Батыш Африкадагы жанар тоо массиви, Гвинея булуңунун жээгинде. Камерун мамлекетинин аймагында. Капталдары жантайыңкы, көптөгөн каптал конустары (100дөн ашык) ж-а кратерлери бар домпок (бийиктиги 4100 м), трахибазальттуу страто жанар тоо. Эң бийик жери 4070 м (аракеттеги Фако жанар тоо конусу; акыркы жолу 2000-ж. атылган). Батыш ж-а түштүк-батыш капталдары Африканын эң жаанчыл жери, Дебунжада жылына 9655 мм чамасында жаан-чачын жаайт. Капталдарын нымдуу тропик токою, дайыма жашыл тоо токою ж-а шалбаасы ээлейт.