КАМАЛОВ Асан: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАМАЛОВ 1 to КАМАЛОВ Асан) |
(Айырма жок)
| |
10:29, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАМАЛОВ Асан (1929, Казак ССРи, Түштүк Казакстан облусу, Чымкент шаары – 1989, Чүй облусу, Сокулук району, Кызыл-Туу айылы) – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971).

Москва ветеринария академиясын бүтүргөн (1955). Кыргыз ССРинин Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы С. М. Киров атындагы колхоздун башкы зоотехниги, 1962-жылдан партиялык уюмунун секретары. 1964–72-жылдарда Талас облусунун Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районундагы «Победа» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз ар тараптан өнүгүп, ири чарбалардын бирине айланган. 1973-жылдан Кыргызстан КП Калинин райкомунун 1-секретары, 1982-жылдан Талас облаткомунун төрагасынын орун басары, 1985–89-жылдарда Сокулук районундагы «Путь коммунизма» колхозунун башкармасы. 1975–80-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.