КАРДИНАЛЕ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КАРДИНАЛЕ to КАРДИНАЛЕ Клаудия) |
(Айырма жок)
| |
09:09, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРДИНА́ЛЕ Клаудия (өз аты-жөнү Клод Жозефин Розе) (15. 4. 1939-жылы туулган, Тунис – 23. 09. 2025. Немур, Франция ) – италян киноактрисасы. Тунисте 18 жашында улуттук сулуулар сынагында жеңишке жетишип, 1957-жылы үй-бүлөсү менен Италияга келген. 1957–1958-жылдары Римдеги эксперименттик кино борбордо окуган. Кинодо 1957-жылдан («Алтын чынжырлар», Франция). Режиссёр М. Болоньинин «Сулуу эркек», (Франция, 1960) жана «Ла Виачча» тасмасы актрисага чоң ийгилик алып келген. Анын чыгармачылыгында Л. Висконтинин «Рококо жана анын бир туугандары» (1960), «Кабылан» (1962), «Чоң Жетигендин тумандуу жылдыздары» (1965), «Интерьердеги үй-бүлөлүк портрет» (1974) жана режиссёр Ф. Феллининин «Сегиз жарым» (1963) тасмаларындагы ролдору көрүнүктүү орунду ээлеген. 1969-жылы советтик-италиялык «Кызыл чатыр» (режиссёру М. К. Калатозов) тасмасына тартылган. П. Скуитьеринин «Темир префект» (1977), «Корлеоне» жана «Курал» (1979), «Кларетта» тасмаларында жөнөкөй италян аялдын образын чебер ачып берген.

1990–2000-жылдары Парижде жашап, киного («Алардын аты-жөнү... каракчылар», «Анда эмесе...мырзалар жана айымдар жана башкалар», «Жарым күндүк жин») жана телесериалдарга тартылууда («Ностромо», «Оттуу чөл» жана башкалар).