КАРГА АКЕ Мендегул уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

08:50, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРГА АКЕ , Карга Мендегул уулу (1718, туул­ган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бий­лердин бири. Карга аке кара кылды как жарган ка­лыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Кар­гадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Таза­лыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү делет. 1996-жылы ага күмбөз тургузулган.

К. Асанбеков.