КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЙЫҢДЫ to КАЙЫҢДЫ (Панфилов районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
09:33, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫҢДЫ – Чүй облусунун Панфилов районундагы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору. Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860 м бийикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 88 км чыгыш тарапта. Кара-Балта темир жол бекетинен 20 км. Шаарча аркылуу Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы темир жолу өтөт. Кыштак катары 1917-жылы негизделген. Калкы 10 миң (2022). «Кайыңды кант», «Кайыңды кабель заводу», «Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш заводу, «Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иштейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, маданият үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган.