КАЙЫПОВ Сулайман: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЙЫПОВ to КАЙЫПОВ Сулайман) |
(Айырма жок)
| |
07:46, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫПОВ Сулайман Турдуевич [15. 7. 1952, Ош (азыркы Жалал-Абад облусу), Сузак району, Ак-Тоок айылы] – адабиятчы, фольклорист, филология илимдеринин кандидаты (1985), КР илим ж-а техника жаа-

тындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2008). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1975). 1975–78-жылдарда Кыргыз ССРинин мамлекеттик китеп палатасында библиограф, Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1978–80-жылдарда СССР ИАнын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун оозеки чыгармчылыкты изилдөө бөлүмүндө стажировкадан өтүп, 1981–84-жылдарда ошол эле институттун аспирантурасында окуган. 1985– 91-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, сектор башчысы, В. М. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы КМУ) окутуучу, 1992–95-жылдарда тилдер ж-а гуманитардык илимдер институтунда (азыр БГУ) декан, 1-проректор, 1996–97-жылдарда Чүй университетинде профессор, кафедра башчысы, тышкы байланыштар боюнча проректор, 1997–2007-жылдарда Түркия Республикасынын Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинде профессор, 2007-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору. Эмгектери кыргыз фольклорун ж-а адабиятын, түрк дүйнөсүнүн оозеки чыгармачылыгын изилдөөгө ж-а таанытууга арналган. Кайыпов «Эл ырчылары» (1980) китебин, «Башталгычтан бүгүнкү күнгө чейин Түркия адабияты» антологиясын (Анкара, 2004), «Кыргыз адабиятынын антологиясынын» эки томдугун (Анкара, 2005) түзгөн. Илимий-популярдуу «Жылга бергис жарым күн» (2006), «Эр Төштүк" жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары» (2007), «Тоголок Молдо: Эскерүүлөр изилдөөлөр» (2009) ж. б. 100дөн ашык илимий эмгектин автору. Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2007).