КАЙНАР (Кара-Буура районунда­гы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:32, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЙНАР – Талас облусунун Кара-Буура районунда­гы кыштак. Көк-Сай айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 65 км батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1549 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, тегирмен иштейт.