КАШКА-ДАРЫЯ ВИЛАЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАШКА-ДАРЫЯ ВИЛАЕТИ Өзбек Респ-ндагы адм.-айм. бирдик. 1964-ж. 7-февралда уюшул­ган. Респ-нын түш. бөлүгүндө жайгашкан. Аян­ты 28,4 миң км2. Калкы 2,2 млн (2006). Адм. борбору – Карши ш. Адм.-айм. жактан 14 ра­йонго бөлүнөт.
К.-Д. в. Памир-Алай тоо системасынын ба­тышында, Кашка-Дарыянын алабында, деңиз деңг. 2938 м бийиктикте жайгашкан. Аймагы­нын көпчүлүк бөлүгүн Карши, Нишан талаала­ры ж-а Сандык кумдуу чөлү ээлейт. Түн.-чы­гыш ж-а түш.-чыгышында Заравшан, Ысар кыр­ка тоолорунун тармактары жатат. Климаты кес­кин континенттик, кургак. Январдын орт. темп­расы –0°С, июлдуку 31,5°С. Жылдык жаан-ча­чыны 200–250 мм, тоо этектеринде ж-а тоолор­до 500 ммге чейин. Башкы дарыясы – Кашка- Дарыя, анын куймалары: Ак-Суу, Кызыл-Да­рыя. Облустун түш. бөлүгү кумдуу, такыр, шор жерлер кездешет. Тоолоруна бийиктик алкак­туулук мүнөздүү. Кыртышы боз, күрөң ж-а тоо­шалбаа топурактуу. Чөлү өсүмдүктөргө жарды (негизинен эфемер, шыбак). Кашка-Дарыянын өрөөнүндө тал, терек, тоолорунда бадал, арча өсөт. Тоонун төмөнкү капталдары жайыт ката­ры пайдаланылат. Калкынын негизин өзбектер (85%) түзүп, о. эле тажик, орус, татар, түркмөн ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жышты­гы 1 км2ге 71 киши. Айыл калкы 73%. Шаар­лары: Карши, Шахрисабз [бул шаарда Амир Ти­мур (Темирлан) туулган], Китаб, Касан, Муба­рек, Яккабог, Гузар, Камаши.
Ө. ж. негизинен курулуш материалдарын (те­мир-бетон конструкциялары, кыш, акиташ ж. б.), тамак-аш (эт, сүт, нан, ун комбинатта­ры, консерва, шарап, май ж. б.) өндүрүүгө адис-