КАШАТ (Арыктын, аңдын бийик жери): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАШАТ – 1) суунун, арыктын, аңдын бийик жери; айрым учурда тепкич сымал кемер-кыр м-н чектелген, дарыяны көздөй бир аз жантайыңкы тегиз аянт да К. аталат. Кээде К-тар 4– 5 ж-а 8–12 санда болушу мүмкүн. Жер кыртышынын суу м-н желишинен ж-а шиленди чөкмөлөрдүн топтолушунан пайда болот. А кк у м у л я ц и я л ы к К. борпоң чөкмө аллювийден, ц о к о л д у к К-тын үстү аллювийден, асты чулу тоо тектен; э р о з и я л ы к К. бүт бойдон чулу тектен турат. К-тардын жашы тоо тектеринин структуралык түзүлүшү, андагы орг. калдыктар ж-а морфологиясы б-ча аныкталат. Түздүктөгү чоң дарыялардын К-тары кенен, туу-
расы бир нече км болот. К. калк жашаган жерлерди ж-а жолдорду куруу, айдоо жер үчүн пайдаланылат (к. Тектир); 2) шымдын, дамбалдын белге келүүчү, ычкыр же кур байлануучу жээги.