КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – айрым органдары ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). К. ө-дүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана ө. ж-да керектелет. К. ө. каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хлоренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырында) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алынат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактарынан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик К. ө. (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө өсөт.