КАТЫРАҢ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТЫРАҢ ТООСУ Фергана ойдуңунун түштүгүндө. Чыгышында Охна-Тамаша ойдуңу, батышында Бели-Сынык тоосу, Кара-Токой–Айдаркен ойдуңу ж-а Фергана ойдуңунун адырлары жатат. Кадамжай р-нунун аймагында. Уз. 44 км, эң жазы жери 8 км, орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3375 м (Катыраң чокусу). Палеозой заманында пайда болгон акиташ тегинен, тоо этектери неогендин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Тоонун түн. бөлүгүнөн байыркы муз каптоонун издери байкалат. Ландшафты бийиктик б-ча өзгөрөт. Капталдарында талаа ж-а шалбаалуу талаа, токой, альп ж-а субальп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайыт.