КАТЫРАҢ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТЫРАҢ – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Катыраң айыл округуна караштуу. Ко­зу-Баглан суусунун боюнда, деңиз деңг. 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфа­на ш-нан 60 км чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 114 км. Калкы 4197 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, кесиптик-тех. лицей, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүн­дөрү, базарча, тамактануу жайлары иштейт.