КАТУУ БУУДАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТУУ БУУДАЙ</b> (Triticum durum L/) – буу­дайдын түрү. Эгилген аянты | <b type='title'>КАТУУ БУУДАЙ</b> (Triticum durum L/) – буу­дайдын түрү. Эгилген аянты боюнча буудай түрлө­рүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. Катуу буудай күздүк ж-а жаздык, ошондой эле кош сапаттагы формага ээ. Даны маша­гында тыгыз жайгашкан. Даны жумшак буу­дайдын данынан чоңураак, негизинен айнек сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат. Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.<br>Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жо­гору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты тө­мөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вер­мишель, кесме, шак, майда акшак алынат. Катуу буудай көбүнчө Россия, Казакстанда (катуу буудай өстүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кыргызстанда катуу буудай аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 <i>ц</i>ге чейин түшүм берет. | ||
жайгашкан. Даны жумшак буу­дайдын данынан чоңураак, негизинен айнек | |||
сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат. | <i>Г. Ф. Эшимкулова.</i> | ||
Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.<br> | |||
Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жо­гору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы | |||
көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты тө­мөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вер­мишель, кесме, шак, майда акшак алынат. | |||
аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 <i>ц</i>ге | |||
чейин түшүм берет. <i>Г. Ф. Эшимкулова.</i> | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:26, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАТУУ БУУДАЙ (Triticum durum L/) – буудайдын түрү. Эгилген аянты боюнча буудай түрлөрүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. Катуу буудай күздүк ж-а жаздык, ошондой эле кош сапаттагы формага ээ. Даны машагында тыгыз жайгашкан. Даны жумшак буудайдын данынан чоңураак, негизинен айнек сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат. Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.
Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жогору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты төмөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вермишель, кесме, шак, майда акшак алынат. Катуу буудай көбүнчө Россия, Казакстанда (катуу буудай өстүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кыргызстанда катуу буудай аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 цге чейин түшүм берет.
Г. Ф. Эшимкулова.