КАТЕГОРИЯЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТЕГОРИЯЛАР (ф и л о с о ф и я д а) – чындык ж-а тааным дүйнөсүндөгү көрүнүштөр­дүн эң жалпы касиеттерин, катыштарын, ма­милелерин чагылдыруучу өзөктүү, фундаменттүү филос. түшүнүктөр. К. таанымдын ж-а коом­дук практиканын тарыхый өнүгүшүн теор. жал­пылоонун натыйжасы катары түзүлгөн. Кате­гория ж-дөгү окуу Аристотелге таандык, ал бар­дыгы 10 категория (маңыз, сан, сапат, катыш, орун, убакыт, аракет, жапа чегүү, ээлөө, абал) бар деп эсептеген. Азыркы учурда философтор диалектиканын материя, аң-сезим, кыймыл, убакыт, мейкиндик, маңыз м-н көрүнүш, мүм­күндүк м-н чындык, себеп м-н натыйжа, зарыл­дык м-н кокустук, мазмун м-н форма, бүтүн м-н бөлүк, сапат м-н сан, каршылык, карама­каршылык ж. б. башкы К-ы аркылуу бүткүл дүйнөнүн маңызын олуттуу түшүндүрүүгө болот деп белгилешет.


Ад.: Левин Г. Д. Философские категории в сов­ременном дискурсе. М., 2007.