КАТАЛОНДОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТАЛОНДОР (өздөрүн каталанс деп аташат) – Каталониянын негизги калкы. Испаниянын түн.-чыгышындагы эл. Франция, Италия, Түн. ж-а Түш. Америка (Аргентина, Бразилия, АКШ, Мексика, Венесуэла ж-а Куба) өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 7 млн киши (2007). Каталан ж-а испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – католиктер. К-дун ата-бабала­ры иберий урууларынан. 12-к-да К-дун көбү Ара­гон королдугунун курамына кирген. 15-к-да Ис-

Барселона аянтындагы сардана бийи.

панияга бириккен. 18-к-дын башында испан­даштыруу саясатынын натыйжасында каталан тили үй-тиричилигинде эле колдонулуп калган. К. өзүнчө автономия алыш үчүн узак убакыт күрөшүп, анын жүрүшүндө улут болуп калып­танган. Испан Респ. түзүлгөндөн (1931) кийин, К. автономияга ээ болгон (1932). Бирок, фран­кочулар басып алганда автономия жоюлуп, 1977-ж. кайрадан калыбына келтирилген. К. не­гизинен дыйканчылык м-н кесиптенишип, таш­тан салынган эки кабаттуу, о. эле дубалы топу­рактан согулуп, шыбалып, акталган, үстү ка­мыштан жантайма чатырчаланган бир кабат­туу үйлөрдө жашашкан. Эркектер ичке же ке­нен тигилген көйнөк, күрмө, бир түстүү же жол­жолу бар тизеге чейинки кыска шым, булгаары бут кийим, башына кызыл же кызгылт көк түстөгү калпак – барретина, саймаланган чий калпак кийип (Валенсия м-н Балеарда эркек­тер жоолук салынып, капталынан же артынан байлап алган), үстүнө чакмактуу же жол-жолу бар жүндөн токулган шалы жоолук жамынган.
Аялдар колуна жең кап – манготс, кыска жеңдүү кофта, ачык түстүү кездемеден тигилген кыска юбка кийип, алжапкыч тагынып, шалы жоо­лук салынган. Салттуу тамак-ашы – бышкан эт, эскуделья – эттин сорпосуна бышкан кесме, корнадалья – эт кошулган картөшкө ж-а төө бурчак, паэлья – эт кошулган күрүч, балык, жашылча-жемиштер). Улуттук бийи – сардана, болангера ж. б.