КАТАЛИЗ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТА́ЛИЗ (гр. katflуsis – бузулуу) – катализаторлордун таасири м-н реакциянын ылдамдыгынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар м-н катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме), гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү К. деп аталат. Мис., гомогендүү К-ге гидроксил м-н суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү к-та негиздик К. кирет. Хим. ө. ж-нда продукциялардын көпчүлүк бөлүгү гетерогендүү К-дин жардамы м-н алынат. Гетерогендүү К. учурунда реакция катализатордун үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна ж-а касиетине көз каранды. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетерогендүү реакцияларга, мис., аммиактын синтезделиши, азот к-тасын өндүрүүдө аммиактын кычкылданышы ж. б. кирет. К. биол. системаларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак сиңирүү системасында, канда, жаныбарлардын ж-а адамдын клеткаларында өтүүчү хим. реакциялардын көпчүлүгү катализдик реакциялар. Ферменттер – катализаторлор, жөнөкөй же татаал белоктор болуп саналат. Шилекейдин курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин ферменти бар. Ашказандагы пепсинфермент белокту ажыратууну катализдейт. Адам денесинде 30 миңге жакын ар түрдүү фермент бар; алардын ар бири тиешелүү реакциялардын натыйжалуу катализаторлору катары кызмат кылат.