КАТАГАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТАГАН</b> – байыркы түрк урууларынын бири. | <b type='title'>КАТАГАН</b> – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки сан­жыра (мисалы, катагандын хан Турсун) ж-а эпос­тордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маа­лыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли м-н тектеш ж-а байыртадан бери кошуна жа­шап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. <i>Абрамзон</i> катагандар негизинен аз сан­дуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн ж-а каада-салты (<i>атчабыш, улак тартыш, эр эңиш</i> ж. б.) да ок­шоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу <i>Ра­шид ад-Диндин</i> эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги <i>чекир саяк</i> уру­улар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусу­нун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (<i>Тоголок Молдонун</i> санжырасы) <i>Эшим хан</i> катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө <i>Абу-</i><i>л-Гази</i> хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген ж-а ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсирке­миштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Булардан тышкары Орто Ази­янын айрым республикаларында да кезигет. | ||
чендеринде С. <i>Абрамзон</i> | |||
<i>л-Гази</i> хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген ж-а ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсирке­миштин тукуму | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
05:35, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки санжыра (мисалы, катагандын хан Турсун) ж-а эпостордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маалыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли м-н тектеш ж-а байыртадан бери кошуна жашап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. Абрамзон катагандар негизинен аз сандуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн ж-а каада-салты (атчабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да окшоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу Рашид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уруулар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусунун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө Абу-л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген ж-а ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсиркемиштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Булардан тышкары Орто Азиянын айрым республикаларында да кезигет.