КАТАГАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири.
К-дардын келип чыгышы, таралышы ж-дө кеңири ил. изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки санжыра (мис., катагандын хан Турсун) ж-а эпостордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маалыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли м-н тектеш ж-а байыртадан бери кошуна жашап келген деп кароого болот. 20-к-дын орто
чендеринде С. Абрамзон К-дар негизинен аз сандуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн ж-а каада-салты (атчабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да окшоштугун белгилеген. К-дар алгачкы жолу Рашид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уруулар тобуна кирет, бирок байыркы К. уруусунун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра б-ча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан К-дын ханы Турсунду чаап (бул окуя ж-дө Абу-
л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген ж-а ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсиркемиштин тукуму К. деп аталат, б. а. аларга жээн катары таанылат. Булардан тышкары О. Азиянын айрым респ-ларында да кезигет.