КАСЫМ ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМ ХАНДЫГЫ – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылууга өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-к-дын ортосунда Москва улуу князы Василий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухаммеддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым ш. деп атаган. К. х. мещера, мордва, татарлар ж. б. жашаган Ока д-нын аймагын (азыркы Рязань обл-нун түн.-чыгыш бөлүгү) ээлеген. К. х-нын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. К. х-нын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. К. х-на хандык наам 1570-жылдан баштап бериле баштаган ж-а ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусулман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Казан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) м-н К. х-нын бедели төмөндөп, иш жүзүндө Москва воеводалары башкарып, падыша м-н ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. Иван IVнүн тушунда К. х. өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-ж. өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследования о касимовских царях и царевичах. СПб., 1864; Бартольд В. В. Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965.