КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн (15. 1. 1931, азыркы Жа­лал-Абад обл., Аксы р-ну, Ак-Жол айылы – 16. 6. 2011, Бишкек, сөөгү Кой-Таш айылына коюлган) –

жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу (1986), КРдин эл Баатыры (2007). 1957-ж. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1957–60-ж. «Кыр­гызокуупедмамбаста» редак­тор, 1960–73-ж. «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор, 1973-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия ж-а ки­теп соода б-ча мамл. к-тинде башкы редактор, 1974–81-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1987-жылдан Автордук укуктар б-ча бүткүл союздук агенттиктин Кырг-ндагы бөлүмү­нүн директору, 1990–94-ж. Кырг-н Эркин жазуу­чулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Алгач­кы аңгемеси «Кичинекей жылкычы» 1952-ж. жарыкка чыккан. 1956-ж. «Жылкычынын уулу» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун алгачкы аңгемелери балдарга ар­налган. Автобиогр. негизде жазылган «Туулган жер» (1958) жыйнагында элеттик калктын кулк­мүнөзү көрсөтүлөт. «Жетим» (1958), «Адам бол­гум келет» (1961) повесттеринде жаш муун өкүлдөрүнүн калыптануусу, турмуштан өз жо­лун табуу аракети сүрөттөлөт. К-дун чыг-лыгы­нын өзөгүн түзгөн тарыхый темадагы алгачкы тажрыйбасы «Алымкан» (1966) драмасы болуп эсептелет. Анда демократ акын Т. Сатылганов­дун тагдырына байланыштуу эл ичинде леген­дага айланган окуя мүмкүн болушунча акын­дын биографиясына жакын, реалдуу маалымат­тардын негизинде чагылдырылган. Жазуучунун чыг-лык жолунда окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн көңүлүн бурган чоң ийгилиги – «Сын­ган кылыч» тарыхый романы (1-китеп 1966; толугу м-н – 1971). Романда 19-к-дын 2-жары­мындагы Фергана, Алай, Анжиян, Аксы аймак­тарындагы кыргыздардын турмуш-тиричилиги ж-а саясий-социалдык абалы сүрөттөлөт. Чы­гарманын көркөм курулушунда эки катмарды бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчиси Нүзүп, Му­сулманкул, Исхак өңдөнгөн бектер, уруу баш­чылары уюштурган жортуулдар, кагылыштар,


кандуу салгылаштар; экинчиси Сарыбай, Теңир­берди, Мадыл, Кулкиши сыяктуу карапайым калк өкүлдөрүнүн турмуш-тиричилиги. Бул эки сюжеттик чынжыр бирде өз алдынча өнүгүп, бир­де кесилишип турат. Феодалдык төбөлдөр уюш­турган кагылыштар жөнөкөй элдин кызыкчы­лыктарына караманча жат болгон ж-а алардын тагдырына залакасын тийгизип, трагедия алып келген. Романда Кокон хандыгынын ордосун­дагы мамиле, улут тагдыры, коомдук процесс­тин өсүп-өнүгүшүн шарттаган тарыхый окуялар чагылдырылган. Чыгарма коммунисттик идео­логия тушунда кысымга учурап, эгемен заман­да оңдолуп, алымча-кошумчаланган варианты окуялардын, каармандардын көркөм-тарыхый жүзүн ачуучу маанилүү бөлүктөр м-н толук­талып, 1998-ж. жарыкка чыккан. К. «Сынган кылыч» романына улай «Келкел» (1986), «Бас­кын» (2000) тарыхый үчилтиктин бөлүмдөрүн, улуттук каада-салт, таалим-тарбия, өкүмзор бийлик тушунда канаты кайрылгандардын тур­мушун баяндаган «Жетилген курак» (1976) ро­манын, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга көмөк көрсөткөн ички иштер кызматкерлери­нин ишмердигин чагылдырган «Ак кызмат» (1980) тарыхый очеркин жарыялады. Аталган чыгармалардын арасынан «Келкел» тарыхый романы Кырг-нда 20-к-дын 20–30-жылдарында Совет бийлигин куруу учурундагы окуяларды чагылдырууга арналган. «Алай ханышасы» Курманжан датка, тоо булбулу Токтогул, Кы­зыл аскерлердин Түркстандагы кол башчысы М. Фрунзенин көркөм образдары аркылуу ав­тор Кырг-нга жаңы бийликтин орношунун та­таал, карама-каршылыктуу учурун баяндайт. «Баскын» кыргыздардын көөнө тарыхына ар­налган. Анын «Алымкан», «Курманжан датка» драмалары театр сахнасында коюлган. «Сын­ган кылыч» тарыхый романы үчүн КРдин Ток­тогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган (2000). Чы­гармалары дүйнөнүн 65 тилине которулган.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). «Даңк» медалы, I даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.