КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадах-
шан, Шунган кыш. – 14. 2. 1919, Ош) – тарыхчы, чыгыш изилдөөчү, географ ж-а саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан
Муратбектин медресесин бүтүргөн. О. Азия ж-а коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, этнографиясын, тилин жакшы билген. 19-к-дын
80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын башында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч,
чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Тибет, Гиндикуш, Памир (1888–89), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–04) ил. экспедицияларга
катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоол. ж. б. коллекциялар жыйнаган. Ал кызматы
үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары м-н сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-ж.
Бадахшандын 1809–1907-ж-дагы соңку тарыхын
жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсептелет. 1911–13-ж. Ош орус-тузем мектебин ачып,
анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-ж. Ошто
демокр. маанайдагы жаштардын тобун жетектеген. 1917-ж. уулу Санжар Касымбеков м-н бирге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар колдуу болуп өлгөн.