КАСТРО РУС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КА́СТРО РУС Фидель (13. 8. 1926-ж. т., Биран, Орьенте провинциясы) –

Кубанын мамл., саясий ж-а аскер ишмери. Сов. Союз. Баатыры (1963). Гаванада католик коллежин (1945), Гавана ун­тинин укук ф-тин (1950) бүткөн. 50-жылдардын ба­шында Куба элинин («Орто­докстор») партиясына өт­көн. Өлкөдө генерал Фуль­хенсио Батистанын дик­татурасы орногондон кийин (1952, март) ага каршы ча­кан топ түзүп, 1953-ж. 26- июлда Сантьяго-де-Куба ш­ндагы аскер казармасына


кол салган, бирок ал аёосуз басылып, аскер три­буналынын өкүмү м-н 15 жыл түрмөгө кесил­ген. 1955-ж. коомчулуктун кысымы б-ча муна­пыс алып, Мексикага эмиграцияга кеткен ж-а ал жерде «26-июль кыймылы» аттуу рев-ялык топ түзгөн. 1956-ж. декабрда К. Р., иниси – Ра­уль Кастро, аргентиналык Эрнесто Че Гевара ж-а революционерлер тобу м-н Кубанын Орьен­те провинциясына келип, Батистанын дикта­турасына каршы партизандык күрөшкө жетек­чилик кылган. 1959-ж. 1-январда Кубада рев-я жеңип, Батистанын бийлиги кулаган соң, Куба Респ-нын рев-ячыл өкмөтүнүн премьер-министри болгон (1959–77). 1965-жылдан Куба КП БКнын 1-секретары, 1977–2008-ж. Мамл. ж-а Министр­лер Советинин төрагасы болуп иштеген. К. Р. 1960-ж. Кубадагы АКШ ж. б. чет мамлекет­тердин менчиктерин тартып алып, амер-тардын 850 млн доллардык ишканаларын мамлекеттеш­тирген. СССР ж. б. соц. мамлекеттер м-н соода­экон. байланыштарды түзгөн. «Элдердин орто­сунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1961). 3 Ленин, Ок­тябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.