КАСТРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСТРИ́ – Сент-Люсия мамлекетинин борбору, шаар. Кастри округунун адм. борбору. Сент-Люсия а-нын түн.-батыш бөлүгүндө, Кариб деңизинин жээгинде жабык бухтада жайгашкан. Калкы 9,9 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына бир миң, а. и. круиздик кемелер тейленет). К. 19-к-дын башында англичандар тарабынан негизделген. 1814-жылдан Улуу Британия ээлигинин аймагында болгон (бул мезгилде Сент-Люсия расмий түрдө Британия ээлиги деп жарыяланган). 1979-ж. чейин формалдуу түрдө гана адм. борбор деп эсептелген. 1979-ж. Сент-Люсия көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Собор (1894–1931), Ыйык Троица чиркөөсү, Вест-Индия ун-тинин филиалы бар. Соода кылуунун ири борбору. А. ч. азыктарын белендөөчү (лимон ширеси, ром, кант ж. б.) ж-а алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ишканалары иштейт. Кустардык жол м-н белек-бечкектер даярдалат. Жыл сайын жаз музыкасы фестивалы өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, виндсёрфинг ж-а дайвинг) өнүккөн.