КАССАНДРА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАССА́НДРА – байыркы грек мифологиясында Троя падышасы Приамдын кызы. Аполлон К-га олуялык жөндөм берет, бирок өзүнүн сүйүүсүнө жооп ала албаган Аполлон К-нын олуялыгына элди ишенбес кылып таштайт. Ошондон улам аялзаттын эң сулуусу Еленаны (Спартанын падышасы Мелайдын жубайы) уурдоодон баш тарт деген К-нын эскертүүсүнө бир тууганы Парис да, троялыктар да ишенбей коюшкан. Бул окуя Троя согушуна ж-а Троя өлкөсүнүн кыйрашына алып келген. Кыргыздын улуу жазуучусу Ч. Айтматов «Кассандра тамгасы» романын жазууда байыркы грек мифологиясындагы К-га байланыштуу окуяларга кайрылган.