КАСПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КА́СПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ Каспий деңизинин түн. жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-чы­гышында ж-а Батыш Казакстандын аймагын­да жайгашкан. Аянты 200 миң км2дей. Жапыз, түзөң рельефтүү, ички бөлүгү деңиз деңг. 28 м төмөн жатат (Европанын эң чуңкур жери); чет­жакалары 100 мге чейин көтөрүлөт. Туздуу дөңсөөлөр бар (эң бийик жери 149 м, Чоң Бог­до). Бэр дөбөлөрү (жарыш жаткан жал, дөбөлөр) мүнөздүү (Кума ж-а Эмба д-нын чаттарында). Волга, Терек, Сулак д-нын дельталарын, Урал, Эмба д-нын төмөнкү агымдарын камтыйт. Чы­гыш Европа платформасынын синеклизасын ээлейт. Чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басым­дуу. Нефть ж-а газ (Урал-Эмба нефть-газ бас­сейни) кендери бар; көлдөрүнөн (Эльтон, Бас­кунчак) кайнатма туз алынат. Астрахань кору­гу уюшулган.