КАСИЕВ Накен: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСИЕВ Накен (5. 9. 1947-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ак-Муз айылы) –

саламаттык сактоо ишмери, коомдук ишмер, медицина илимд. доктору (2000), проф. (2004). КРдин эмгек сиң. врачы (1994). КММИни бүтүргөн (1970). Ош ш-дык ооруканасында, Прикарпат аскер округунун (1971–73), Ош ш-ндагы 4-Башкы башкармалыгынын ооруканасында врач (1973–75), Майлы-Сай (1975–81), Токмок ш-дык Башкы башкармалыгынын ооруканасында (1981–86) башкы врач, Нарын обл. саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы (1986–89), КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары (1989–91), министри (1991–96), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Европа региондук бюросунун президенти. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). КРдин Мамл. катчысы (1988–2000), Ош обл-нун губернатору (2000–05), 2009-жылдан Улуттук Онкология борборунун директору. Саламаттыкты сактоону уюштуруу б-ча адис. 40тан ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» (1998) ж. б. медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Медико-демографическое исследование Кыргызкой Республики (1997). Кыргызстан – США. Б.,
1988; Здровохранение Кыргызстана (состояние и перспективы развития). Б., 1998. Проблемы репродуктивного здоровья женшин в современных условиях (в соавторстве). Б., 2002.