КАРЫН ЗИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРЫН ЗИЛИ – карын былжыр челинин без­дери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз к-тасы, был­жыр, минералдуу туздар болот. Ферменттер та­мак сиңирүүгө катышат. Туз к-тасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, мик­роорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фер­мент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гор­мондордун пайда болуусуна түрткү берет. К. з-нде туз к-тасынын аз же көп болушу анын кыч­кылдуулугун аныктайт. К. з. тамак ичпей тур­ганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түш­көндө же адам тамакты көргөндө, жытын сез­генде, тамак ж-дө сөз болгондо да бөлүнө баш­тайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. К. з-нин кура­мын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет.