КАР ТОКТОТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАР ТОКТОТУУ – талаага кар топтоо ж-а анын агротех. ыкмасы. Күздүк эгин, жер-жемиш ж-а көп жылдык өсүмдүктөрдү кышкы же жазгы суукта үшүктөн сактоого, талаанын нымдуулу­гун арттырууга мүмкүндүк берет. Кар калың болсо, жер көп тоңбойт, жазында эрте эрип, суу­су жерге жакшы сиңет, топурак кышкы шамал эрозиясына учурабайт. К. т-нун натыйжасында


эгиндин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 2–4 цге көбөйөт. К. т-нун кеңири таралган жолу – кар жалчаларын топтоо. Кар жалчалары карды трактор м-н айдоо аркылуу шамалга карата туу­расынан же кыйгачынан кайчылаш, бири экин­чисинен 5–10 м алыстыкта топтолот. Карды жылуу күндөрү, кардын жумшак, нымдуу ке­зинде топтогон жакшы. Карды шамал айдап кетпес үчүн ар кандай тосмолор – кесилген да­рак бутактары, үйүлгөн кык, саман ж. б. пай­даланылат.