КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР – жер эллипсоидинин же жер шарынын бетин тегиздикке түшүрүүнүн матем. ыкмалары. К. п. жер эллипсоидинин бетиндеги ж-а тегиздиктеги чекиттердин координаталарынын өз ара көз карандылыгын аныктайт. Эллипсоиддин (же шардын) бетин тегиздикке бүктөлүүсүз же үзбөй жаюуга мүмкүн болбогондуктан, тегиздикке түшүрүлгөн жердин айрым геом. касиеттерин картада бурмалап көрсөтүүгө туура келет. Бурмалап көрсөтүүлөрдүн мүнөзүнө карай тең бурчтуу, тең чоңдуктагы, эркин ж-а тең аралыктагы параллелдердин, меридиандардын түшүрүлүшүнө карата цилиндрдик, конустук, азимуттук, жалган конустук (псевдоконустук), жалган цилиндрдик (псевдоцилиндрдик), шарттуу К. п-га бөлүнөт. Тигил же бул К. п-ды колдонуу картанын эмнеге арналышына, картага түшүрүлгөн аймактын конфигурациясына ж-а абалына жараша болот.