КАРТЕЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРТЕ́ЛЬ (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – экон. ж-а юрид. жактан бири-бирине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экон. биригүү формасы. К-ге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн продукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо ж. б. б-ча макулдашышып, келишим түзүшөт. К-ге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк ж-а коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. К-ге бирдей продукция өндүргөн ишканалар биригет. К. базар экономикасында монополиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска убакытка түзүлүп, туруксуз болот.