КАРТАХЕНА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРТАХЕ́НА , К а р т а х е н а - д е - И н д и а с – Колумбиядагы шаар. Боливар департаментинин адм. борбору. Кариб деңизинин жээгинде, Магдалена д-ндагы деңиз порту (жылына 7 млн т жүк ташылат). Калкы 885,7 миң (2008). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, цемент, хим. ө. ж. ишканалары иштейт. Шаар 1533-ж. негизделген. Кул соодалоонун борбору болгон. К-нын тарыхый борборундагы 3 квартал (ак сөөктөр, соода ж-а элдик) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 16–18-к-дын чептери, чиркөөлөрү, монастырлар ж-а соборлор сакталган. Өлкөнүн башкы ишкер, соода (зер буюмдар, асыл таштар) ж-а ө. ж. борбору. Машина куруу (а. и. кеме ремонттоо), жеңил ж-а тамак-аш, нефть

ажыратуу (Кариб деңизинин жээгиндеги ж-а өлкөдөгү эң ири; кубаттуулугу суткасына 75 миң баррель; 2010-ж. кубаттуулугу суткасына 140 миң баррелге жеткирилет) ишканалары иштейт. Ун-ттер, музейлер, китепканалар бар. К-да ЭКФ (1961-жылдан) өткөрүлүп турат.