КАРОТАЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРОТА́Ж (фр. сarotte – сабиз) – жер кырты­шынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын ж-а пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү гео­физ. ыкма. Негизинен тектердин литол., пет­рогр. өзгөчөлүктөрүнө, физ. касиеттерине негиз­делген. Мында геофиз. аспаптар кабель м-н кө­зөнөккө түшүрүлүп, тоо тектеринин касиеттерине байланыштуу маалыматтар алынат. Маалымат автомашинага орнотулган аппаратка диаграм­ма же сан түрүндө берилет. Аны анализдеп, тоо тектерди катмарларга бөлүүгө болот. Тоо тек­тердин физ. касиеттерине жараша К. ыкмасы төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 1) электр К-ы тоо тектердин электр өткөрүү касиеттерин, каршы­лык көрсөтүүлөрүн, табигый электр токторун аныктайт; 2) радиоактивдүү (ядролук) К. тоо тек­теринин табигый радиоактивдүүлүгүн, нейтрон­дордун тыгыздыктарын экинчи жолу пайда бо­луучу гамма нурларды изилдейт; 3) терм К-ы бургулоо көзөнөктөрүндөгү темп-раны өлчөйт; 4) акустикалык (ультра үн) К. тоо тектеринде үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына ж-а алардын жок болуп кетишине байкоо жүр­гүзөт; 5) магниттик К. тоо тектеринин магнит­тик касиеттерин, табигый магниттүүлүктөрдү иликтейт. К. жүргүзүү м-н бургулоо көзөнөгүн­дөгү тоо тектердин катмарлары салыштырылат. Литол. курамы, калыңдыгы аныкталат. Пай-


далуу кендердин (нефть, газ, көмүр, кенташ, курулуш материалы ж. б.) өлчөмү, саны эсепте­лет. Нефть, газ иштетүү жумуштары көзөмөлгө алынат. Нефть м-н газ кендерин изилдөөдө, те­рең бургуланган көзөнөктөр б-ча геол. докумен­тация жүргүзүүдө зор роль ойнойт.