КАРОЛИНА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ – Тынч океандын ба­тыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. К. а-нда Микронезия Федерация штаттары (Борб. ж-а Чыгыш К. а.: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) ж-а Палау Респ. жайгашкан. 1–10° түн. кең­диктин ж-а 131–163° чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же арал­дар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 км2. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанартоодон пайда болгон ири аралдары (бийикт. 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук.- Фосфат кендери бар. Климаты экватордук ж-а субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүк­көн. Балык кармалат. К. а-нда европалыктар­дан алгачкы жолу 1528-ж. испан деңиз саякат­чысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл IIнин урматына аталган.