КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1916-ж. Жети-Суу
облусундагы улуттук боштондук кыймылдын (к. Үркүн) очогу. Кээ бир маалыматтарда «Албан Бугу» көтөрүлүшү деп да аталган. 1-дүйнөлүк согушка байланыштуу жерг. элден аскердикоорук иштерине алуу үчүн 1916-ж. 25-июнда
чыккан падышанын буйругуна ылайык 6-июль күнү «Нарынкол–Чарын» приставынын начальниги Подворков 13 болуштун билермандарын жыйнап, аны аткарууну талап кылган. Жыйылган эл акылдашып, 3–4 күндөн кийин жооп
берүүгө макул болушкан. Алар 10-июлда Каркыранын Каман-Карагай деген жерине жыйын
өткөрүп, адамдарын оорук иштерине бербейбиз
деген чечимге келишкен. Бул кабар жеткенден кийин Подворков казак-орус отрядын баштап келип, жыйынга катышкандардын баарын туткунга алып, Каракол түрмөсүнө камаган. Жыйын башчысы Жамаке Мамбет уулуна уу берип
өлтүрүлүп, калганы Каракол уездинин башчысы полковник Ивановдун буйругу м-н 8-августта атууга буйрулган. Натыйжада, Каркыра жайлоосунда көтөрүлүш башталган. 11-августта көтөрүлүшчүлөр Жылаңач станциясын талкалап, Келгиндер башкармалыгынын бир нече кызматкери өлтүрүлгөн. 16-августта Каркыра жарманкесин басып алышкан. Сентябрда көтөрүлүш Верный, Жаркент, Лепси, Каракол уездерине тараган. К. к. падыша өкмөтү тарабынан түзүлгөн жазалоо отрядынын жардамы м-н сентябрдын
аягы – октябрдын башында аёосуз басылган.
Жазалоочу отряд көтөрүлүшкө катышкандарды
куугунтуктап, Кайкы ашуусунда кырган. Архивдик маалыматтар б-ча кыргыз-казактардын жүзгө жакын айылдары талкаланып, 373 үй
өрттөлсө, 684 адам жарадар болуп, 1905 адам окко учкан. 1105 киши туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Көтөрүлүшкө чейин Жети-Суу обл-нда 84 854 түтүн эл жашаса (Пишпектен башка 5 уездде), көтөрүлүштөн кийин бул жерде 53 миң гана түтүн калган. Падыша өкмөтү 171 адамынан ажыраган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и трагические страницы. Б., 1997; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши
жарымы – XX к. басы). А., 2007.
Э. Турганбаев.