КАР КРИСТАЛЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАР КРИСТАЛЛДАРЫ – булуттар м-н туманда пайда болуп, алардан түшкөн муз кристаллдары. К. к-нын эки негизги формасы болот: жалпак ж-а түркүк. Биринчисине – 6 бурчтуу жалпак пластинкалар ж-а 3, 6, 12 шоолалуу жылдыздар, экинчисине – 6 грандуу түркүктөр ж-а ийнелер, о. эле түркүктөр комплекси («кирпи») кирет. Көбүнчө К. к-нын туура эмес формада түшүшү байкалат. Физ. шарттын пайда болушуна ж-а өсүшүнө (баарынан мурда абанын темп-расы м-н нымдуулугуна) көз каранды, ошондуктан көлөмү м-н формасы ар түрдүү болот. Темп-ранын өсүшү м-н К. к-нын көлөмү ж-а пластинкалуу форманын бөлүкчөлөрү чоңоёт. Көбүнчө жылдыз ж-а кирпи түрүндө учурайт. Ийне шоолалуу жылдыздардын туурасы 6–8 мм, пластинка шоолалуу жылдыздар 4– 5 мм, кирпилер 2–3 мм, пластинкалар 1–2 мм; түркүктүн уз. 1–2 мм, ийнелүүлөрдүкү 3–5 мм. Булуттан түшкөн ири К. к. кар бүртүгү деп аталат. К. к. суу буусунун сублимациясынын натыйжасында муздап калган булуттар м-н тумандан же кристаллдык чаңдан пайда болот. Майда булуттуу кристаллдарда жөнөкөй пластинкалар ж-а түркүктөр болот. Кристаллдын өлчөмү 0,1–0,2 ммден ашканда формасы татаалданат. Катуу шамал болгондо К. к. 0,1 мм ж-а андан да майда бөлүнүп кетет. Булуттан муздаган суу тамчыларынын түшүшүнөн кар күкүмү пайда болот.